31

Июль

2024

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ирандын Деңиз порттору жана кемечилик уюмунун жетекчилиги менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төраганын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тегеран шаарына (Иран Ислам Республикасы) болгон жумуш сапарынын алкагында Жол жана шаарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Деңиз порттору жана кемечилик уюмунун жетекчиси, ошондой эле Деңиз өнөр жайынын Жогорку Советинин төрагасы менен жолукту. 


Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы транзиттик-транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Ирандын деңиз портторунун аймагында соода-логистикалык борборун түзүү маселелери талкууланды.


"Кыргызстан деңизге чыга албаган өлкө катары Ирандын деңиз портторун пайдаланууга кызыкдар. Кыргызстандын ДСУ, ЕАЭБ, ВСП+ сыяктуу түрдүү аймактык жана эл аралык уюмдарга мүчөлүгүн колдонуу менен кыргызстандык жана ирандык ишкерлер бардык зарыл шарттардын мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстандын аймагы аркылуу жогорудагы уюмдарга мүчө өлкөлөрдүн рыногуна экспортко чыгуу үчүн биргелешкен ишканаларды түзүүгө болот”, – деди Бакыт Төрөбаев. 


Өз кезегинде иран тарап Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экенин белгилеп, эки тараптуу кызматташууну активдештирүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө даяр экенин билдирди.


Жыйынтыгында тараптар Шахид-Раджаи портунун (Бандар-Аббас) соода-логистикалык жана транспорттук потенциалын пайдаланууга багытталган ведомстволор аралык макулдашуунун долбоорун даярдоо боюнча эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун белгилешти.  Бул документ кийинчерээк ар кандай продукцияларды экспорттоо жана импорттоо географиясын кеңейтүүгө, ошондой эле Кыргызстанга Бандар-Аббас портунда соода-логистикалык борборун ачууга мүмкүндүк түзүлөт.