02
Август
Министрлер Кабинети 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Иш-аракеттер планын аткаруунун жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жыйынтыгын чыгарды.
Мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин баалоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Иш-аракеттер планын аткаруунун деңгээлин баалоо методикасына ылайык жүргүзүлдү.
Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 2024-жылга карата Пландын аткарылышын талдоонун жана мониторингдин жыйынтыгында төмөндөгүдөй жыйынтыктарды көрсөттү:
- “эң жакшы” деген баа менен – 7 мамлекеттик орган (2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 11 мамлекеттик орган “эң жакшы” деген баа алган);
- “жакшы” рейтинги менен – 7 (2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 8 мамлекеттик орган “жакшы” деген баа алган);
- "канааттандырарлык" деген баа менен - 3 (2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 4 мамлекеттик орган "канааттандырарлык" деген баа алган);
- “канааттандырарлык эмес” деген баа менен – 4 (2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 2 мамлекеттик орган “канааттандырарлык эмес” деген баа алган).
Жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча баалоого биринчи жарым жылдыкта 3 баллдан аз балл алган мамлекеттик органдар киргизилген эмес.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Иш-аракеттер планын аткаруунун деңгээлин баалоо методикасын киргизүү стратегиялык жана масштабдуу милдеттерди ишке ашырууда министрликтер менен ведомстволордун өз ара аракеттенүүсүн жана алардын жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Пландын аткарылышын талдоо жана мониторинг жүргүзүү туруктуу негизде жүзөгө ашырылат, андан кийин Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана ведомстволоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-майындагы № 272 тескемеси менен бекитилген методикага ылайык баа берилет.
Баалоонун кийинки этабы 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча декабрь айында жүргүзүлөт.