03

Август

2024

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жамаатына жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлдү тааныштырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жамаатына жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүл Джумаев Эрмат Джумаевди тааныштырды.

Эдил Байсалов өлкө жетекчилиги алдыга койгон маанилүү милдеттерди белгилеп, жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады. Иштин приоритеттүү багыттарынын ичинен инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, аймактын инфраструктурасын жакшыртуу жана Талас облусун туруктуу өнүктүрүүнүн маселелерин белгиледи.