18
Август
Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча жумушчу топтордун жана топографиялык топтордун кезектеги жолугушуусу болду
Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 11-августунан 17-августуна чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында болуп өттү.
Бул жолугушуунун жүрүшүндө тараптар талкууну улантып, калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.
Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин келээрки жумада Тажикстан Республиканын аймагында боло турган кезектеги жолугушууда улантат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.