20

Август

2024

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын өткөрүү пункттарын башкаруу боюнча Мамлекеттик канцеляриясынын директорунун биринчи орун басары Дан Сяохон менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын өткөрүү пункттарын башкаруу боюнча Мамлекеттик канцеляриясынын директорунун биринчи орун басары Дан Сяохон баштаган делегация мүчөлөрү менен жолукту.

Жолугушууда кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери каралып, өзгөчө кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы, ошондой эле “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолунун курулушу тууралуу кенен сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын сентябрында жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун расмий ачылышы жасалары пландалууда. Азыркы учурга карата “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктундагы көпүрөнүн курулушу бүткөрүлдү. Ал эми калган эл аралык стандарттарга ылайык, толук кандуу инфраструктураны түзүү жакынкы жылдары эки тараптуу биргелешип ишке ашырылат.

Мындан тышкары, эки мамлекеттин ортосундагы “Эркечтам” жана “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пунктарынын ишмердүүлүгүн мындан ары дагы жакшыртуу маселелери каралды. 

Жолугушуунун соңунда тараптар жаңы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пункту ишке берилсе, келечекте эки тараптуу жана Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда эл аралык маанидеги маанилүү транспорттук-логистикалык коридор болуп, соода жүгүртүү жана жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмүн көбөйтүүнү камсыз кыла тургандыгына ишенерин билдиришти.