23
Август
Бакыт Төрөбаев өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча комплекстүү чараларды көрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев республиканын аймагында болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жумушчу кеңешме өткөрдү.
Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары онлайн/оффлайн форматында катышты.
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев алдыда күтүлүүсү мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча комплекстүү чараларды көрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырды.
Анда болуп өткөн өзгөчө кырдаалдарга талдоо жүргүзүү, жаратылыш кырсыктары болуусу мүмкүн болгон аймактарды алдын ала аныктоо жана ар кандай жоготууларды болтурбоого мүмкүн болгон чараларды көрүү сыяктуу бир катар тапшырмалар тизмектелип, жыйындын протоколуна киргизилди.