26
Август
МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саха Республикасынын (Якутия) Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Сергей Местников менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россия Федерациясынын Саха Республикасынын (Якутия) Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Сергей Местников менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Россиянын алдыңкы аймактарынын бири менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты. Өзгөчө ноябрь айында Кыргызстанда Якутиянын маданият күндөрүн уюштуруп өткөрүү боюнча көңүл бурулду.
Маектешкендер ушул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан хапсагай боюнча якут күрөшүнүн биринчи дүйнөлүк чемпионаты ийгиликтүү өтүп жатканын белгилешти. Мелдешке 34 өлкөдөн 200гө жакын спортчу катышууда.
Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Якутиянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдөө үчүн өкмөттөр аралык комиссия түзүү жагына даяр экендиктерин билдиришти.