27
Август
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча чечимдер кабыл алынды, ошондой эле “Медициналык буюмдарды каттоо, коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү, медициналык буюмдарды маркалоо жана таңгактоо талаптары менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө” токтом жактырылды.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин токтому менен Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн PhD/тармак боюнча докторантурасын уюштуруу жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо, Окуучулардын катышуусу менен маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар, Кыргыз Республикасында 2024-2028-жылдарга илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын тизме, ошондой эле Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инновациялык долбоорлорун ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынды.