28
Август
Министрлер Кабинетинде Осакада өтө турган ЭКСПО-2025ке даярдыктарды көрүү маселелери талкууланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 13-апрелинен 13-октябрына чейин Осака шаарында (Япония) өтө турган ЭКСПО-2025 Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнө Кыргыз Республикасынын даярдыгы боюнча кеңешме өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө биздин өлкөнүн бул маанилүү эл аралык иш-чарага катышуусунун негизги аспектилери, анын ичинде улуттук күркөнүн концепциясын жана дизайнын түзүү, ошондой эле маданий жана ишкердик иш-чараларды уюштуруу талкууланды.
Адылбек Касымалиев ЭКСПОнун Кыргызстандын ар түрдүү тармактардагы жетишкендиктерин, анын ичинде инновациялар, туруктуу өнүгүү жана маданий мурастарды көрсөтүү аянтчасы катары маанилүүлүгүн белгиледи жана ал көргөзмөгө катышуу эл аралык байланыштарды чыңдоого жана инвесторлорду тартууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берээрин кошумчалады.
“Биз Кыргызстанды бай маданий мураска ээ жана динамикалуу өнүгүп келе жаткан экономикасы бар өлкө катары көрсөтүү үчүн жогорку деңгээлде даярданышыбыз керек”, — деди Адылбек Касымалиев.
Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө даярдануунун ар кандай багыттары боюнча жооптуу адамдар аныкталып, негизги милдеттерди аткаруу мөөнөттөрү белгиленди.
Жыйын ЭКСПО-2025ке даярдык көрүү планын натыйжалуу ишке ашырууга багытталган бир катар чечимдерди кабыл алуу менен аяктады.