29
Август
МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун жаңы имаратынын ачылышына катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун алдындагы Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.
Эдил Байсалов жаңы имарат менен таанышып чыгып, фонддун кызматкерлери менен баарлашты.
Ал ошондой эле мекеменин кызматкерлерин жаңы имараттуу болушу менен куттуктап, өлкөнүн пенсиялык системасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн топтоо фондунун сапаттуу жана натыйжалуу иштешинин маанилүүлүгүн белгиледи.
МинКаб Төрагасынын орун басары ушул жылдын октябрь айынан тартып өлкөдө 7 миң сомдон төмөн пенсия алган пенсионер калбай турганын, бул үчүн топтоо фондунун кызматкерлеринин салымы бар эске салды.
Эдил Байсалов топтоо фонду Кыргызстандын жарандарынын социалдык жактан корголушун камсыз кылууга багытталган алдыңкы технологияларды киргизүү жана процесстерди жакшыртуу менен мындан ары да жигердүү өнүгө берээрине ишенимин билдирди.
Мындан тышкары, ал фонддун ишиндеги ачык-айкындуулуктун жана отчеттуулуктун маанилүүлүгүнө көңүл буруп, алар элдин ишениминин жана мамлекеттик структуранын ийгилигинин негизги элементтери экендигин кошумчалады.