02

Сентябрь

2024

МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Президенттик Администрациясынын «Ынтымак Ордо» жаңы имаратында биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү

 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын “Ынтымак Ордо” жаңы имаратында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү. 

 Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери, калктын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган стратегиялык демилгелерди ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле Президенттик администрациясынын үстүбүздөгү жумадагы иш планы талкууланды. 

 «Президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылышы – жаңылануунун символу.  Жаңы имаратта иштөө бул жөн эле жер алмаштыруу эмес, бул мамлекетибиздин тарыхынын жаңы барагы.  Элибиздин бакубат жашоосу үчүн жан-дили менен иштөөгө милдеттүүбүз», - деди Акылбек Жапаров.

 Жыйынга президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү видеоконференция аркылуу катышты.