06

Сентябрь

2024

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Ооганстандын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Амин менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Ооганстандын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Аминдин жолугушуусу болуп өттү.

Анда тараптар Кыргыз Республикасы менен Ооганстандын ортосундагы мындан аркы эки тараптуу кызматташуунун ар кандай багыттарын талкуулап, пикир алышты.

Акылбек Жапаров Кыргызстан Ооганстан менен соода-экономикалык мамилелерди, транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө, Ооганстандагы кен байлыктарды биргелешип иштетүүгө, энергетика, өнөр жай жана айыл чарба тармагында кызматташууга, келечектүү долбоорлордун үстүндө жигердүү иштөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Нурулла Амин жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташууга ишенимин билдирди.