09

Сентябрь

2024

Тажикстандын Худжанд шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Тажикстандын вице-премьер-министри Зиезода Сулаймон Ризойдун жолугушуусу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы тажик тараптын чакыруусу боюнча Тажикстан Республикасынын Худжанд шаарына Тажикстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өтүүчү салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн барды.  
 
Жумушчу сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Тажикстандын вице-премьер-министри Зиезода Сулаймон Ризойдун жолугушуусу болду.
 
МинКаб башчысынын орун басары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонго салам жана куттуктоо сөздөрүн жеткирип, тажик мамлекетине жана элине бакубатчылык, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
 
Эдил Байсалов Зиезода Сулаймон Ризойду жана тажик элин  Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
 
Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда түрдүү тармактарда өз ара аракеттенүү маселелерин карашты.
 
Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн аякташы менен эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү бардык багытта өнүгөт деген ишенимин билдиришти.
 
Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары эки эл байыртадан бери ынтымакта жашап келгенин белгилешип, Кыргызстан менен Тажикстандын кызматташтыгы мындан ары да кыргыз-тажик элдеринин көп кылымдык достугунун негизинде өнүгө берээрине тилектештигин билдиришти.