13
Сентябрь
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров өз кесиптик чөйрөсүндө өзгөчөлөнгөн жарандарды Ардак грамоталар менен сыйлады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров экономиканы өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, интеллектуалдык потенциалы бийик жана өз кесиптик чөйрөсүндө ийгилик жараткан, профессионалдык ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн жарандарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын тапшырды.
Акылбек Жапаров сыйлык алгандарга, алардын жетишкендиктери үлгү болоорун жана Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүнө стимул экенин белгиледи. Өлкөнүн экономикалык жана интеллектуалдык куч-кубатын чыңдоо боюнча алардын ишинин маанилүүлүгүн кошумчалады.
“Сыйлык алгандардын арасында 40-50 жыл өмүрүн билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына арнаган эмгек сиңирген мугалимдер жана дарыгерлер, мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле коомдук демилгелерге жана кайрымдуулук долбоорлоруна активдүү катышкан бизнес жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү бар”, — деди ал.
МинКаб Төрагасы сыйлык алгандар мындан ары да өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн жемиштүү ишмердүүлүгүн улантып, анын өнүгүшүнө дагы да чоң салым кошооруна ишенээрин билдирди.
Андан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерине класстык чендерди тапшыруу аземи болду. Иш-чаранын жүрүшүндө Акылбек Жапаров класстык чендерди алган мамлекеттик кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жана жоопкерчилигин жогорулатаарын белгиледи. Ал ошондой эле, кызматкерлердин сиңирген эмгегин баалоону гана билдирбестен, алардын квалификациясын жана билимин мындан ары жогорулатуу үчүн кошумча стимул болоорун кошумчалады.
МинКаб Төрагасы жаңы класстык чендер мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатууга жана Кыргызстандын жарандарынын жашоосун жакшыртууга көмөктөшөт деген ишенимин айтып сөзүн жыйынтыктады.