20

Сентябрь

2024

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров аймактардагы  бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндөгү негизги маселелерди талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, шаарлардын мэрлеринин жана райондордун акимдери менен видеоконференция режиминде кеңешме өткөрдү, анда жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндөгү актуалдуу маселелер талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө бюджеттик колдоо, экономиканы өнүктүрүү, объектилерди куруу жана инфраструктураны жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Акылбек Жапаров бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринин негизги милдети экенин баса белгиледи. Ал чыгымдарды катуу көзөмөлгө алуу жана социалдык дагы, инфраструктуралык дагы долбоорлорду каржылоодо айкындуулукту камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, ал объекттерди курууда электрондук накладнойлорду (ЭТБ) жана электрондук эсеп-фактураларды сөзсүз колдонууга басым жасады. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жыйындын катышуучуларын пландаштыруунун жана бюджетти башкаруунун заманбап ыкмаларын, анын ичинде каражаттардын чыгымдалышына мониторинг жүргүзүү жана талдоо үчүн санариптик технологияларды колдонууну жигердүү киргизүүгө чакырды. Бул, анын пикири боюнча, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун бир кыйла жогорулатууга жана калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртууга шарт түзөт.