20

Сентябрь

2024

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайда өткөрүлгөн Эл аралык “Жибек жолу” 8-көргөзмөсүнө катышып, айыл чарба көргөзмө зонасына барды

Сиань шаарында (Кытай Эл Республикасы, Шэньси провинциясы) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Эл аралык “Жибек жолу” 8-көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты. 

Анда сөз сүйлөгөн Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу өлкөнүн Министрлер Кабинетинин приоритеттүү багыттарынын бири экенин айтып, учурда кыргыз рыногунда дүйнөнүн көптөгөн инвесторлору активдүү иш алып барып жатканын, анын ичинде кытай жарандары катышкан 3 миңден ашык ишкана катталганын билдирди. 

Белгилей кетсек, жалпы 72 миң чарчы аянтты ээлеген көргөзмө аянты, эл аралык тажрыйба алмашуу, провинциялар аралык кызматташтык, транспорттук логистика, алдыңкы өндүрүш жана заманбап энергетика тармактары боюнча делип беш багытка бөлүнгөн. Өз ара байланышты тереңдетүү жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган көргөзмө 2024-жылдын 20-24-сентябрь күндөрү уланат. 

Андан соң МинКаб Төрагасынын орун басары Яньлин жогорку технологиялык айыл чарба көргөзмө зонасында болду. 

Мында күнөсканада жер-жемиштерди өстүрүүнүн ыкмаларын, ошондой эле өсүмдүк зыянкечтерин жок кылуучу каражаттарын чыгарган ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, Кыргызстандагы тиешелүү кызматтардын адистери менен тажрыйба алмашууга жана биргелешкен пилоттук долбоорлорду иштеп чыгуу сунушталды.