24
Сентябрь
МинКаб зордук-зомбулукту, кыйноолорду жана башка катаал мамилени жана жазалоону медициналык документациялоонун эрежелерин бекитти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети зордук-зомбулукту, кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилени жана жазаны медициналык документациялоонун эрежелерин бекитти. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Документ Кыргыз Республикасы тарабынан Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге, жазага каршы Конвенцияны ишке ашыруу жана кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин же жазанын түрлөрүн натыйжалуу иликтөөнүн жана документтештирүүнүн принциптерин киргизүү максатында кабыл алынган (БУУнун Башкы Ассамблеянын резолюциясы 2001-жылдын 22-фералындагы 55/89 резолюциясына тиркеме).