02

Октябрь

2024

Омандын Маскат шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ISESCOнун Башкы катчысы менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов  Омандын Маскат шаарында өтүп жаткан Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча ислам кызматташтык уюмуна (ISESCO) мүчө-өлкөлөрүнүн үчүнчү министрлер конференциясынын алкагында ИСЕСКОнун Башкы катчысы Салем бин Мохаммед Аль-Малик менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. 

 Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен ИСЕСКОнун ортосундагы кызматташтыктын учурдагы жана келечектеги багыттарын талкуулашты. 

 Эдил Байсалов билим берүү жана илим тармагында өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын модернизациялоодогу олуттуу жетишкендиктерин жана бул процессте эл аралык өнөктөштөрдү колдоосунун маанилүүлүгүн белгиледи.

 Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ИСЕСКОго көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан уюмдун программаларына катышууну активдештирүүгө даяр экенин баса белгиледи.

 ИСЕСКОнун Башкы катчысы өз кезегинде Кыргызстандын билим берүүнү модернизациялоого болгон умтулуусун жогору баалап, уюм Кыргызстан менен мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы маданий алмашууну бекемдөө үчүн кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин баса белгиледи.