05
Октябрь
2024
Топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болду
Жетишилген макулдашууга ылайык, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республиканын Согди облусунун Бустон шаарында болуп өттү.
Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин Кыргыз Республикасынын аймагында боло турган кезектеги жолугушууда улантат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.