08

Октябрь

2024

МинКаб башчысы Акылбек Жапаров иш сапары менен Мюнхенге барат

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров иш сапары менен Мюнхен шаарына (Германия Федеративдик Республикасы) барат.  

Сапардын алкагында ал, Мюнхенде өтүүчү «Кыргызстандын экономика күнү» деген темада кыргыз-герман бизнес-форумуна, ошондой эле кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.  

Ошондой эле, Мюнхен шаарында болгон учурунда МинКаб башчысы Акылбек Жапаров бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, ошондой эле ар кандай ишканаларды кыдырат.  

Маалымат үчүн 

2023-жылдын ноябрында жана 2024-жылдын июнунда «Кыргызстандын экономика күнү» форматындагы бизнес форумдар буга чейин Гамбург жана Франкфурт шаарларында өткөн.