14

Октябрь

2024

Кыргыз-орус маданий-гуманитардык кызматташтыгынын багыттары талкууланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Антон Рыбаков жетектеген Россиянын делегациясы менен жолукту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуу Бишкекте 14-15-октябрь күндөрү өтүп жаткан кыргыз-орус билим форумуна карата болду. Форумга эки өлкөнүн 70тен ашык университеттери катышууда.