14

Октябрь

2024

Министрлер Кабинетинде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону өткөрүүнүн уюштуруу маселелери талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын отуруму болуп өттү. 

Жыйынга Министрлер Кабинетинин, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик ведомстволордун жетекчилери катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө шайлоо участкаларын уюштуруу, шайлоо комиссияларын даярдоо жана окутуу, ошондой эле шайлоо мезгилинде коопсуздукту камсыздоо маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы шайлоону тынч жана демократиялык кырдаалда өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекеттин эркин жана адилет шайлоо процессин камсыз кылууга умтулуусун баса белгиледи.

Отурумдун жыйынтыгында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону өткөрүүнүн уюштуруу процессин камсыз кылуу боюнча зарыл чечимдер кабыл алынды.