14

Октябрь

2024

Кыргызстан 2025-жылга айыл чарба каттоосуна даярдык көрүүдө: Республикалык комиссиянын биринчи отурумунда негизги кадамдар аныкталды

2025-жылга карата айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү. 

Жыйынды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев алып барды.

Комиссиянын ишине Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери катышты.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети 2025-жылга айыл чарба каттоосуна карата, 2024-жылдын ноябрь айына пландаштырылган алдыдагы пилоттук каттоого кирген Ош облусунун Араван районунун эки айыл аймагында, Чуй облусунун Ысык-Ата районундагы Красная Речка, Милянфан айылдарында даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди. 

Республикалык комиссия каттоого даярдык көрүүнүн негизги аспектилерин, анын ичинде калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтык кампанияны иштеп чыгууну, каттоочулар үчүн окуу материалдарын даярдоону, керектүү техникалык инфраструктураны камсыз кылууну талкуулады.

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айыл чарба каттоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Айыл чарба каттоосу Кыргызстандын айыл чарбасынын абалы жөнүндө так жана актуалдуу маалыматты алуу үчүн негизги иш-чара болуп саналат. Бул маалыматтар эффективдүү агрардык саясатты иштеп чыгуу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн болжолдоо жана айыл чарба тармагына инвестицияларды пландаштыруу үчүн зарыл болот”, — деди ал.

Отурумдун жыйынтыгында Республикалык комиссия 2025-жылдагы каттоого даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитти, анын ичинде маалымат кампаниясын өткөрүү, каттоочуларды окутуу жана керектүү техникалык инфраструктура менен камсыз кылуу.