15

Октябрь

2024

МинКаб башчысы Акылбек Жапаров жумуш сапар менен Исламабад шаарына (Пакистан) келди

Бүгүн, 2024-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жумуш сапар менен Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарына келди.


МинКаб башчысы иш сапардын биринчи күнүндө Пакистан Эл Республикасынын Премьер-министри Шехбаз Шариф менен, ошондой Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.


Ал эми эртең, 2024-жылдын 16-октябрында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-жыйынына катышат.