16

Октябрь

2024

Исламабад шаарында (Пакистан) ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кеңешинин 23-жыйыны башталды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда Пакистан Ислам Республикасынынын Исламабад шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кеңешинин 23-жыйыны башталды.


Жыйынга катышууга келген МинКаб башчысы Акылбек Жапаровду Пакистан Ислам Республикасынынын Премьер-министри Шехбаз Шариф тосуп алды. Андан соң ШКУга мүчө мамлекеттердин жалпы делегация башчылары сүрөткө түшүштү.


Жыйында Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, ШКУнун алкагындагы кызматташуу жана уюмдун натыйжалуулугун арттыруу боюнча Кыргыз Республикасынын сунуштарын билдирет.

 Жыйынтыгында бир катар маанилүү документтер кабыл алынаары күтүлүүдө.


Белгилей кетсек, Исламабад шаарында (Пакистан) ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кеңешинин 23-жыйынына Кыргызстандын, Белорусиянын, Индиянын, Ирандын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын өкмөт башчылары жана делегация башчылары катышууда.