17
Октябрь
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы “Манас” соода-логистикалык шаары” инвестициялык долбоорун ишке ашыруунун курулушуна капсула салууга катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Манас” соода-логистикалык шаары” инвестициялык курулуш долбоорун ишке ашыруунун курулушуна капсула салуу аземине катышты.
Иш-чарага Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь да катышты.
Соода-логистикалык шаар Чүй облусунун Аламүдүн районунда курулат.
“Бүгүн биз абдан маанилүү окуянын – өлкөбүздүн экономикалык келечеги үчүн олуттуу кадамдын күбөсү болуудабыз. Биз “Манас” соода-логистикалык шаары инвестициялык-курулуш долбоорунун мезгил кутусун салуу аземине чогулуп отурабыз. Азыркы мезгилде сооданын мааниси жогорулаганын, базар экономикасынын өзөгү соода экенин, логистика болсо азыркы замандын бренди экенин баарыбыз жакшы билебиз. Биз болсо азыр соода-логистикалык борбор гана эмес, соода-логистикалык шаарынын курулушун баштап жатабыз. Бул кыйла ири долбоор экенин белгилеп кетемин. Бул шаарда 30 миң соода точкасы болот. Бул шаар 700 гектар жерге жайгашып, аны курууга бардыгы 4,2 млрд доллар каражат сарпталат. Биринчи этаптагы сарпталуучу каражат 700 млн доллар. Башкача айтканда бул логистикалык борборду ири деңиз порту менен салыштырууга болот”, — МинКаб Төрагасы.
Акылбек Жапаров андан ары “Манас” соода-логистикалык шаары заманбап логистикалык борбор гана эмес, инвестициялык ишмердүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан уникалдуу долбоор экенин айтты.
“Мындай комплексти түзүү аймактык жана эл аралык соода алакаларын кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле продукцияны экспорттоо шарттарын жакшыртууга чоң салым кошот деп ишенем. Долбоордун ийгиликтүү болушуна тилектешпиз”, — деп жыйынтыктады ал.