18
Октябрь
2024
МинКаб Төрагасынын орун басары Россиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Тараптар ошондой эле өнөктөштүк мамилелерди мындан ары тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечектери боюнча пикир алышты.