19

Октябрь

2024

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров расмий сапар менен Россияга келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Москва шаарына расмий сапар менен келди. 

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровду “Внуково 2” эл аралык аэропортунан Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды. 

Аэропортто Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын желектери илинип, ардактуу кароол тизилди. 

Өз ара саламдашуудан кийин эки мамлекеттин гимндери жаңырып, ардактуу кароол ротасы аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу марш менен өттү. 

МинКаб Төрагасы расмий сапарынын алкагында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Маданият күндөрүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышат. 

Ошондой эле, расмий сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн биргелешкен жыйыны, эки тараптуу жолугушуулар жана кеңейтилген маданий программалар уюштурулат.

Расмий делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик агенттиктердин директорлору бар.