21

Октябрь

2024

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Федерациясына болгон расмий сапарынын алкагында Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасын Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү коштоп жүрдү. 

Гүлчамбар коюлгандан кийин курман болгон жоокерлер бир мүнөт унчукпай эскерилди.

Александр бакчасында Кремлдин дубалынын жанында жайгашкан Мемориалдык архитектуралык ансамбль 1967-жылы курулган.