21
Октябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Россия Федерациясына болгон расмий сапары аяктады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 19-21-октябрь күндөрү Россия Федерациясынын Москва шаарына болгон расмий сапары аяктады.
Расмий сапардын жүрүшүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров, Россия Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен биргеликте Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоого карата Россиянын Мамлекеттик академиялык чоң театрында уюштурулган Кыргызстандын Россиядагы Маданият жана искусство күндөрүнүн ачылыш аземине катышты.
Маданий кечеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн толук курамы, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эки мамлекеттин жарандары жана маданият кызматкерлери чакырылган.
Расмий сапарга байланыштуу кеңейтилген маданий программалар уюштурулган, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кремлдин музейлерине да барды.
Ошондой эле, МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду.
Мындан тышкары МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустиндин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн биргелешкен жыйыны болуп, ар кандай тармактарда эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери сүйлөшүлүп, бир катар документтерге кол коюлду.