24

Октябрь

2024

Акылбек Жапаров жаңы Төрага Медербек Сатыевди Жогорку соттун жамаатына тааныштырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жаңы дайындалган Төрага Медербек Сатыевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жамаатына тааныштырды.   

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Медербек Сатыевди Жогорку соттун Төрагасы болуп дайындоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын окуп берди.   

Акылбек Жапаров белгилегендей, Медербек Сатыев 1995-жылдан бери сот тармагында иштеп келет, Президенттин Администрациясында да иштеген жана кесипкөй адам. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Медербек Сатыевге жооптуу кызматында ийгиликтерди каалап, сот адилеттигин жана мыйзамдуулукту камсыздоодогу бийликтин сот бутагынын өзгөчө ролун белгиледи.