04
Ноябрь
МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Citi делегациясы менен жолугушуу өткөрдү
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Citi эл аралык банкынын делегациясы менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар каржы жана инвестиция тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Министрлер кабинетинин башчысы туруктуу экономикалык өсүш жана экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүү үчүн чет элдик инвестицияларды тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул контекстте ал банк секторунда, финансылык кызматтарды санариптештирүү жана инновациялык технологияларды киргизүү маселелеринде Citi менен кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.
Citi өкүлдөрү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы менен кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара кызыкдарлыгын билдиришти.