05

Ноябрь

2024

Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.   

Венгриянын Премьер-министрин “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.   

Расмий сапарынын алкагында Виктор Орбан Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири маселелери талкууланып, кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлат.  

Белгилей кетсек, Виктор Орбан ошондой эле ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышат.  

Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.