05

Ноябрь

2024

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды

Өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров коштоп жүрдү.

Түрк Президенти 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун эстелигине жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюп эскерди.