12

Ноябрь

2024

Президенттик администрацияда жарандык иденттүүлүк жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепцияларынын аткарылышы талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүк - Кыргыз жараны концепциясын жана 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү.
 
Атап айтканда, жогоруда аталган документтерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын пландарынын аткарылышынын жүрүшү каралды.
 
«Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы, жарандык иденттүүлүк концепциясы өзгөчө мамилени талап кылган маанилүү жана сезимтал тармактар. Мамлекет коомдогу биримдикти, ынтымакты жана сый-урматты сактоого жана чыңдоого жөндөмдүү салмактуу жана жоопкерчиликтүү саясатты иштеп чыгууга умтулат. Этникалык топтордун жана диндердин ортосундагы өз ара түшүнүшүү – ар бир жаран өзүн бир бүтүндүктүн бөлүгү катары сезген күчтүү, бирдиктүү Кыргызстандын негизи», — деди Эдил Байсалов.
 
Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле мыйзамсыз диний ишмердүүлүктүн алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритминин долбоору сунушталып, Кыргыз Республикасындагы диний кырдаалга мониторинг жүргүзүү боюнча изилдөөнүн бет ачары болду. Изилдөөдө диний фактордун өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана саясий кырдаалга тийгизген таасирине талдоо берилген.
 
Жыйындын жыйынтыгында аталган багыттар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.