14

Ноябрь

2024

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров республикалык бюджеттин эсебинен мамлекеттик органдар үчүн сатылып алынган адистештирилген техникалардын көргөзмөсү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары республикалык бюджеттин эсебинен министерстволор жана ведомстволор үчүн сатылып алынган атайын техникалардын көргөзмөсүнө барышты.
 
Көргөзмө Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратынын алдында уюштурулду.
 
Тактап айтканда, айыл чарба, транспорт, энергетика, санариптештирүү, экология, курулуш, каржы жана саламаттыкты сактоо тармагындагы атайын техникалар көрсөтүлдү.
 
Мындан тышкары, көргөзмөдө ата мекендик өндүрүш товарлары жана айыл чарба продукциялары коюлган.