14
Ноябрь
Акылбек Жапаров: 2025-жылдын бюджети – бул жөн гана финансылык чыгымдардын планы эмес, бул мамлекеттин келечегинин жол картасы
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” Мыйзамдын долбоору каралган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчету боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында жасаган баяндамасында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.
Ал белгилегендей, 2026-2027-жылдарга экономисттердин прогноздору боюнча 2027-жылы ИДП 2 трлнго жетет. Ал эми консолидацияланган бюджет 2025-жылга – 700,5 млрд сомго пландаштырылса, 2027-жылы – 743,3 млрд сомго жетет.
МинКаб башчысы ошондой эле профицит 26 млрд сомду түзүп, бул каражаттар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу – 2025-жылга 2,4 млрд. сом, Камбар-Ата-1 ГЭСине 2025-жылга 1,6 млрд. сом коротулаарын кошумчалады. Мындан тышкары мамлекеттик карызды тындырууга багытталатарын белгилеп, буга чейин алынган карыздын негизги суммасын көбүрөөк төлөө алдында турганыбызды билдирди.