19
Ноябрь
Некролог - Осмонов Абдрай Осмонович
Кыргыз Республикасынын искусствосу орду толгус жоготууга учурады. 2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Осмонов Абдрай Осмонович 85 жашында узакка созулган оорудан каза болду.
Осмонов Абдрай Осмонович 1939-жылдын 27-декабрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Шалба айылында туулган.
1959-жылы С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын жана И. Репин атындагы Живопись, скульптура жана архитектура акдемиясын аяктаган. Академияны аяктагандан кийин 1965-жылдан тартып 2024-жылга чейин С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында окутуучу болуп эмгектенген.
Осмонов Абдрай Осмонович чыгармачылык иши учурунда бир катар олуттуу жанрдагы чыгармаларды жараткан: “Оодарыш”, “Үй-бүлө”, “Түшүм” Колхоз майрамы”, “Чокморовдун портрети”, “Ысык-Көлдүн балыкчылары”, “Карамолдонун портрети” жана башка көптөгөн чыгармалар.
Сүрөтчүнүн 55 чыгармасы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинин менчиги болуп эсептелет.
Осмонов Абдрай Осмонович 1965-жылдан тартып эл аралык, республикалык сүрөт көргөзмөлөрдүн туруктуу катышуучусу болгон, ошондой эле бир катар жеке көргөзмөлөрдү өткөргөн.
А.О. Осмонов активдүү чыгармачылык жана педагогикалык ишмердүүлүгүн айкалыштырып, 50 жыл бою талыкпай эмгектенип, өсүп келе жаткан муундагы сүрөтчүлөрдү тарбиялап өстүргөн. Анын көптөгөн шакирттери республикада белгилүү сүрөтчү болуп калышты. Алардын ичинен 4 Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, 7 Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
А.О. Осмонов Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун ишмердүүлүгүнө активдүү катышкан. Бир нече жолу Союздун башкармалыгына мүчө болуп шайланган жана живопись секциясын башкарган.
А.О. Осмоновдун эмгеги мамлекет тарабынан татыктуу бааланып, бир катар жогорку сыйлыктар менен сыйланган. Алсак, 1982-жылы “Кыргыз ССРнин искусствосуна эмгеги сиңген ишмер”, 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү” деген наамдар ыйгарылган.
Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Осмонов Абдрай Осмоновичтин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат, биз анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшөбүз.
А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, Б.З. Түлөбаев, А.К. Малиев, А.А. Максутов, С.М. Дубанаев, А.Дж. Джунушалиев, Ж.Д. Джунушев, В.А. Шестопал, Т.С. Усубалиев, И. Чаланов, К.О. Орозматов, Т.С. Садыков, Ж.Т. Жакыпов, С.С. Төрөбеков, Ю.А. Шыгаев, С.Т. Төрөбеков ж.б.