19
Ноябрь
МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Соода-экономикалык кызматташуу, маданий байланыштарды чыңдоо жана миграция чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
МинКаб башчысы эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ишеним билдирди.
Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов өз кезегинде Россия тарап бардык багыттар боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга ниетин билдирип, Кыргызстан менен Россиянын элдеринин ортосундагы салттуу достук мамилелерди чыңдоо боюнча биргелешкен иштин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.