20

Ноябрь

2024

МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Ханнс Зайдель Фондунун Эл аралык кызматташтык институтунун директору Сюзанна Лютер жана Фонддун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Макс Георг Майер менен жол

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ханнс Зайдель Фондунун Эл аралык кызматташтык институтунун директору доктор Сюзанна Лютер жана Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы доктор Макс Георг Майер менен жолугушту.
 
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ханнс Зайдель Фондунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисине Кыргызстандын мамлекеттик кызматына жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип, өткөн жылдарда 2,5 миңден ашууну Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Фонддун биргелешкен магистратурасын аяктаганын кошумчалады.  
Анын айтымында, магистратуранын 70тен ашуун бүтүрүүчүлөрү Президенттин Администрациясында жана Жогорку Кеңештин Аппаратында жооптуу кызматтарда иштеп жатышат. Республиканын аймактарында ондон ашык адам жетекчилик кызматтарды ээлейт.
 
Ошондой эле Фонд тарабынан муниципалдык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун учурдагы абалы, Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы кадр саясаты, туруктуу өнүгүүнү башкаруу маселелери, мамлекеттик жана муниципалдык финансы маселелери боюнча 174 басылма каржыланып, иштелип чыккан жана басылып чыгарылганы айтылды.
 
Өз кезегинде Ханнс Зайдель Фондунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасы менен кызматташуу мезгилинде жакшы натыйжаларга жетишкендигин белгилешип, өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө умтула тургандыгын ырасташты.
 
Тараптар кызматташуунун мындан аркы пландарын талкуулашты.