24
Ноябрь
Бустондо Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагаларынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча жолугушуусу болду
Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасы жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагаларынын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулашып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна эки мамлекеттин чек ара сызыгынын калган аймактарында жайгашкан жерлерди аныктоо иштерин улантуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.