26
Ноябрь
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Баатыры маркум Мамбет Мамакеевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Баатыры, Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер жана Эмгек сиңирген дарыгери маркум Мамбет Мамакеевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты.
Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы кыргыз эли оор жоготууга учураганын белгилеп, Мамбет Мамакеевдин ата мекендик медицинаны өнүктүрүүгө жана улуттун саламаттыгын сактоого кошкон өзгөчө салымын баса белгиледи.
“Айта келсек адамзат коомундагы эң ардактуу, эң асыл кесиптердин бири дарыгерди кылымдар бою барктап, даңазалап келишкен. Европада Авиценна деп аташкан Абу Али ибн Синанын аты өчпөй, унутулбай кылымдар бою аталып келет. Адамдардын өмүрүн ажалдан алып калган дарыгер – бул өчүп барган шамды жандырган, адамга экинчи өмүр тартуулаган адис. Ал эми бир адамды эмес, 100 миң адамды дарылаган, 30 миң адамга хирургиялык операция жасаган Мамбет Мамакеевич жөнүндө бир эмес, көптөгөн ода жазып, акындар дастан айтса да аздык кылат. Мамбет Мамакеевичти кыргыз медицинасынын туу көтөргөн кесипкөйү катары баалайбыз. Ал кыргыз хирургдар мектебинин негиздөөчүсү, Улуттук хирургия борборунун түзүүчүсү болду”, – деди ал.
Акылбек Жапаров андан ары Мамбет Мамакеевдин жетекчилиги менен 20 илимдин доктору, 22 илимдин кандидаты даярдалган айтып, ошондой эле 260 илимий эмгеги жана 13 монографиясы анын күжүрмөндүгүнүн, талыкпас эмгекчилдигин даана көрсөтүп тураарын кошумчалады.
“Мамбет Мамакеевич дээрлик кылым жашады. Эгемен өлкөбүздүн 100 жылдык тоюн көрүп, андан соң келбес сапарга узап жатат. Элибиздин жакшылыгын да, жамандыгын да эл менен бирге көрдү. Айла жок, биз залкар дарыгер менен коштошуп жатып, терең урмат-сыйыбызды жана ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Мамбет агабыздын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт. Анын идеялары, анын иши улана берет. Ал көтөргөн тууну жерде калтырбай, желбиретип бийик көтөрүп шакирттери жолду улашат. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан Мамбет Мамакеевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”, – деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.