03
Декабрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев РКӨФны 10 жылдык мааракеси менен куттуктап, Кыргызстандын экономикасына кошкон салымын белгиледи Кыргыз Республика
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) Кеңешинин жана Башкармалыгынын мүчөлөрүн уюмдун 10 жылдыгына карата кабыл алды.
Жолугушууда МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө жана Россия менен кызматташууну бекемдөөдө фонддун маанилүү ролун баса белгиледи.
Адылбек Касымалиев РКӨФ тарабынан энергиянын кайра жаралуучу булактары, өндүрүш кластерлери, соода логистикасы жана айыл чарба инновациялары жаатындагы долбоорлор ийгиликтүү каржыланып жатканын белгиледи.
«Фонддун он жылдык ишмердиги республиканын экономикасын өнүктүрүүдө анын жашоого жөндөмдүүлүгүн жана актуалдуулугун көрсөттү.
Анын өлкөнүн бардык аймактарында миңдеген каржыланган долбоорлору бар. Бул жылдар аралыгында Фонд жалпы суммасы 760 миллион доллардан ашык 3500дөн ашык долбоорду каржылады» деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.
Соода-логистикалык хаб жана кыргыз-орус технопарктарын түзүү пландарына өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын соңунда РКӨФ Кеңешинин төрагасы Тимур Максимов Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.
Адылбек Касымалиев РКӨФти ушул сыяктуу эки тараптуу өнүктүрүү фонддорунун ичинен «пионер» деп атады жана Фонддун мүчөлөрүнө берилгендиги жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.