04

Декабрь

2024

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.
 
Атап айтканда, төмөнкү документтер кол коюлду:
 
- Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйынынын протоколу;
 
⁃ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык объектилерге Казакстан Республикасынын менчик укуктарын жөнгө салуу жөнүндө 2006-жылдын 4-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Протокол;
 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы жер участокторун ижарага берүү жөнүндө 2009-жылдын 1- декабрдагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;
 
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Казакстан Республикасынын Туризм жана спорт министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
 
- 2024-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба продукциясын өз ара жеткирүүлөрдү көбөйтүү боюнча жол картасы.