05
Декабрь
2024
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту.
Министрлер кабинетинин башчысы элчи Ду Дэвэн кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоого өзгөчө салым кошконун белгиледи.
Ал биргелешкен иштердин аркасында жогорку деңгээлде бир катар маанилүү иш-чаралар, эки тараптуу иш сапарлар болуп, өлкөбүз үчүн чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ болгон кыргыз-кытай негизги долбоорлору алдыга жылганын белгиледи. Акылбек Жапаров Ду Дэвэнге ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ошондой эле жооптуу ишмердигинде жаңы ийгиликтерди каалады.11:14