05
Декабрь
МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкынын вице-президенти Кириакос Какурис менен энергетика жана транспорт тармагындагы келечектүү долбоорлорду талкуулады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкынын вице-президенти Кириакос Какурис менен жолугушту.
МинКаб башчысы Европа инвестициялык банкы менен узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүктү белгилеп, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө багытталган стратегиялык демилгелерди ишке ашыруудагы колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.
Акылбек Жапаров экономиканын бардык тармактарында өсүштүн оң динамикасы пайда болуп жатканын баса белгилеп, өлкөнүн артыкчылыктуу инфраструктуралык долбоорлоруна токтолду.
«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын суу-энергетикалык потенциалын өнүктүрүү 13%ды түзөт. Бул таза энергия булактарына өтүү боюнча биздин өлкөнүн пайдаланылбаган зор потенциалын көрсөтөт, бул биздин туруктуу жана жашыл өнүгүү боюнча милдеттенмелерибизге толугу менен шайкеш келет. CASA-1000 долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу тажрыйбасы эл аралык каржы институттарынын өз күч-аракеттерин бириктирип, олуттуу натыйжаларга жетүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп турат. Бул алгылыктуу тажрыйба эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң ири энергетикалык долбоорду – Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоорун ишке ашырууда пайдалуу болот. Бул долбоордун энергетика тармагын өнүктүрүү, импорттук электр энергиясына болгон көз карандылыкты азайтуу жана экологиялык таза келечекти камсыз кылуу үчүн стратегиялык маанисин эске алып, Камбар-Ата ГЭС-1нин курулушун биргелешип ишке ашырууга жана жигердүү кызматташууга чакырабыз», - деди ал.
Жолугушууда Кыргызстандын негизги кен байлыктары алтын, калай, сымап, сурьма, сейрек кездешүүчү металлдар, вольфрам, көмүр жана башкалар экени айтылды. Алтындын запастары өзгөчө экономикалык мааниге ээ.
Ошондой эле айыл чарба продукциясын сактоочу логистикалык борборлорду куруу, транспорт, туризм жана санариптештирүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруунун келечегине токтолду.
Европа инвестициялык банкынын вице-президенти Кириакос Какурис өз кезегинде Кыргыз Республикасы менен артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.
Ал Европа инвестициялык банкы Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу сыяктуу ири аймактык долбоорлорго жана транспорт тармагындагы долбоорлорго жогору баа берээрин баса белгиледи.