06
Декабрь
Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева: Ар бирибиз аялдар жана кыздар үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө кам көрүшүбүз керек
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Катчылыгы “Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” глобалдык акциясынын алкагында “Жаштар зомбулукка каршы: жаңы келечекти түзүү” иш-чарасын өткөрдү.
Бул иш-чаранын максаты – жаштарга гендердик зомбулук адамдарга канчалык олуттуу таасир тийгизерин жана анын эмнеден улам келип чыгышын түшүнүүгө жардам берүү. Катышуучулар зордук-зомбулукка кантип каршы туруу керектигин жана стереотиптер ага кандай таасир берээрин угушту.
Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева белгилегендей, ар бирибиз аялдар жана кыздар үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө кам көрүшүбүз керек. Ал жаштардын келечеги экенин, алардын социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө катышуусу адилет коом куруу үчүн абдан маанилүү.
Иш-чаранын алкагында интерактивдүү оюндар, маалымат сессиялары жана зомбулукка каршы тасма көрсөтүлдү. Ар кайсы мектептердин окуучулары катышты. Негизги максат жаштардын активдүү атуул болууга жардам берүү жана зомбулукка каршы күрөштө бири-бирине колдоо көрсөтүү болду.
Асел Чынбаева мындай иш-чаралар коомдун өнүгүшү жана гендердик теңчилик, адам укуктары маселелерин түшүнүү үчүн маанилүү экенин кошумчалады.