07
Декабрь
2024
Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Абдувапов Алтынбек Каныбекович ээлеген кызмат ордунан тергөө мезгилине убактылуу четтетилди.
Ал эми Биринчи май району боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Кыдыров Кыдыкбек Догдурбековичке Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү.
Тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.