11

Декабрь

2024

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Россия Федерациясына келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Москва шаарына (Россия Федерациясы) келди. 

Жумуш сапардын алкагында үстүбүздөгү жылдын 12-13-декабрында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат.  

Жыйындардын жүрүшүндө интеграциялык бирикмелердин алкагындагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, маданий-гуманитардык кызматташтык жана башка маселелер талкууланат.