12

Декабрь

2024

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев: Чүй облусунда өсүмдүк майын өндүргөн заманбап жогорку технологиялуу завод ишке кирди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өсүмдүк майын өндүрүүчү заманбап жогорку технологиялар менен жабдылган "Альфа" май заводунун ачылышына катышты.  

Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, “Айыл чарба продукцияларын чийки зат түрүндө гана эмес, кайра иштетүү аркылуу көбүрөөк өндүрө алсак, аймактардын экономикасын өнүктүрүүгө абдан чоң өбөлгө түзүлөт. Элибиздин кирешеси дагы жогорулайт. Учурда мамлекеттин айыл чарбаны өнүктүрүү саясатына ылайык, кайра иштетүү тармагына олуттуу көңүл бурулуп, ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп жатат”, – деди ал.   

Учурда завод айына 3000 тоннага чейин чийки затты кайра иштетип, жогорку сапаттагы продукцияны ички жана тышкы рынокторго туруктуу жеткирүүнү камсыздайт.  

Агроөнөр жай комплексин мамлекеттик колдоо программасынын алкагында ишкананын кубаттуулугун дагы жогорулатып, жакынкы келечекте жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда.